www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нью-Йорк штатында COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны көбөйгөнүн TASNIM жазып чыкты.
Американын Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо 23-мартта пресс-конференцияда берген маалыматында штатта коронавирустун таралуусу боюнча билдирүү жасап:
--"Бул кырдаал барган сайын кыйындап жатат жана келээрки 2 аптада да силерге сүйүнчүлөй тургандай чечилип калбайт", - деген Эндрю.
Белгилей кетсек, акыркы 24 сааттын ичинде жаңы 5000 миң учур катталып, коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 20875ге жетти.
Бул бейтаптардын 13% ооруканаларда атайын көзөмөлдө болушса, төрттөн бир бөлүгү бейтап ICU бөлүмүнө жаткырылышкан.
Акыркы маалыматтарга таянсак, АКШда коронавирусту 41 167 адам жуктуруп, 485 адам көз жумду. Дүйнө жүзү боюнча АКШ COVID-19 илдетин жуктуруп алгандарын саны боюнча үчүнчү орунда турат.
Булак: NazarNews.kg