www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 49га жетти. Бул тууралуу маалыматты Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрилигинен билдирди. Ошондой эле өзбек бийлиги жалпы өзбекстандыктарды көчөгө чыкпоого чакырды. COVID-19: Республикалык штабы Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 42ге жеткенин кабарлаган.

Бүгүн, 24-мартта Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди. 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан: Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында, Ноокат аймактык ооруканасында, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында, Баткен облустук бириккен ооруканасында.

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө. Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял). Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды; 6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды; 14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды; Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости