www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Кыргызстанда дагы 55 кишиден коронавирус табылды

Кыргызстанда 21-сентябрга карата 55 адамдан коронавирус табылды. Эң көбү Баткен облусунда - 25 киши.

  • Бишкек шаарында - 8;
  • Ош облусунда - 7;
  • Талас облусунда - 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 4;
  • Чүй облусу – 2;
  • Нарын облусунда - 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Ош шаарында - 1.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 104ү айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45471 ​кишиге жетти. Алардын 41 682си сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 31 миллионго жакындады. Алардын 959 миңден көбү көз жумду, 21 миллиондон ашууну айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости