www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзгү депрессияны кантип жеңсе болот? Психологдун жообу

Россиялык психолог Павел Жавнеров күзүндө эмне себептен адамдардын маанайы чөгөөрү жана андан арылуунун жол-жобосун "Известия" басылмасына айтып берди.

Адистин пикиринде, маанайдын чөгүшүнө келе жаткан кыш жана жайкы эс алуудан кийинки иш күндөрү себеп болот.

"Күзгү бук болуу, көңүл чөгүү өзүнөн өзү кетип калбайт. Адам атайылап өзүнүн маанайын өзү көтөрүп жаңы, позитивдүү эмоцияларды издеши керек. Ошондой эле элге аралашып, шаңдуу компаниялар менен убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз. Жагымдуу адамдар менен сүйлөшүп отуруу, тамактануу дагы жардам берет", — деди Жавнеров.

Мындан тышкары, көп кыймылдап, үйдөгү жумуштарды жасоо иммунитетти көтөрүп, жалпысынан ден соолукту калыбына келтирет.

Анткен менен, адистин айтымында, күз балдарга эч кандай таасир этпейт. Андыктан баланы эмне менен алаксытам деп кам санабай эле койсоңуз болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости