www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Хунчи айылында “MAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын салону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.

Ал эми Чүй облусунун Жайыл районундагы Алексеевка айылында сарайдын 40 чарчы метр аянты, 30 чарчы метр бастырма жана 400 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында болсо унаа оңдоочу жайда аянты 42 чарчы метр уктоочу бөлмө жана “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын алдыңкы бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тосун айылында токой чарбага тиешелүү аянты 40 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости