www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлерине жана бул оорудан каза болгон дарыгерлердин жакындарына кенемте төлөп берүү тууралуу маалымат берди. 11-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, жалпысынан 165 адам боюнча каражат бөлүндү.

«Өкмөттүн 2020-жылдын 4-майындагы буйругунун негизинде бүгүнкү күндө 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсация төлөнүп берилди. Ал эми каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон төлөндү», – деди ал.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 3 163 медкызматкерге жукту, алардын 2 657си айыкты, каза болгондор 70тен ашты. «Азаттыктын» маалыматына караганда, кайтыш болгондор 80ден көп.

«Кызыл зонада» иштегендерге өкмөт айлыгына кошумча төлөп берүүгө да убада берген. 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов бул максатта жыл аягына чейин бир миллиард 425 миллион сом каралып жатканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин финансы бөлүмүнүн жетекчиси Мухтарбек Баймырзаев «Азаттыкка» 9-сентябрда билдиргенине караганда, эпидемиянын алдын алуу жана ооруга каршы күрөшүү максатында ишке тартылган адистердин кошумча эмгек акысы үчүн март-июль айларында бюджеттен 785,4 миллион сом каражат бөлүнүп, анын баары иштегендерге төлөнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости