www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда аскер кызматына күзгү чакыруу башталды

Кыргызстанда аскер кызматына күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

11-сентябрда Чүй облусунда жана Бишкек шаарында аскерге чакырылгандарды узатуу аземи болуп өткөн. Ушундай эле иш-чаралар республика боюнча өткөрүлүп, 3 миңден ашуун адам Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары менен аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөмөкчү.

Маалыматта белгиленгендей, быйыл коронавирус кырдаалына байланыштуу аскерлерди узатууга жакындары келген жок.

Кыргызстанда 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы жигиттер сөзсүз милдеттүү же альтернативдүү аскердик кызмат өтөөсү керек.

Чакыруу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин улантылмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости