www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында жолдорду жууп, тазалай турган төрт атайын техника жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 18-августта, техниканы тапшыруу аземине мэр Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын жетекчилери, "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышкан. Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на специальной технике для чистки дорог, которая передана МП Тазалык в ОшеСпециальная техника для чистки дорог, которая передана МП Тазалык в Оше

"Бир эле мезгилде жолду өзү шыпырып, жууп кете турган техникаларды алып келдик. Андан тышкары, кыш мезгилинде кар күрөп, кум-туз чача турган дагы өзгөчөлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө "Ош-Тазалык" ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Андыктан муктаждыктарын толуктоо жана жаңылоо мезгилдин талабы", — деп айткан Сарыбашов.

Ошондой эле Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде 10 миллион евро (жарымы грант, жарымы кредит) бөлүнгөнү айтылат. Ага таштанды ташуучу автоунааларды жана таштанды таштоочу контейнерлерди алуу пландалган. Аны менен бирге долбоордун алкагында жаңы санитардык полигон курулуп, контейнерлер жайгашкан жерлер жана ишкананын гаражы оңдолору айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости