www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыктыбек Абдылдаев “Бир Бол” партиясынан кеттиби?

Мыктыбек Абдылдаевдин кетишин ар түрдүүчө жоругандарга Алтынбек Сулайманов фейсбук баракчасына аркылуу ачык билдирүү жасады:

"Достор, кечээтен бери “Мыктыбек Юсупович депутаттыкка эмнеге аттанган жок?” деген суроолор көп болуп жатат. Бул ал кишинин жеке чечими.

Мыктыбек Юсуповичти Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынан көргүсү келгендердин саны күндөн-күнгө арбып жатат. Биз дагы партиялаштары катары ал кишиден парламентке кайтып келүүсүн сурандык, катарыбыздын сап башында көргүбүз келди. Бирок, Мыктыбек Юсупович аксакал катары саясатка жаңы жүздөрдүн келүүсүнө жол ачып берерин айтты. Мыктыбек Юсуповичтин бул кадамы көпчүлүк саясатчыларга үлгү болушу керек.

6-чакырылыштын эң үлгүлүү, сабырдуу, билимдүү, өз ишин мыкты билген профессионал, бир позицияны карманган татыктуу депутаты катары элдин сыйына ээ боло алды.

Мыктыбек Юсупович партиядан кеткен жок. Ал бизди ар дайым туура жолго багыттап турган насаатчыбыз, аксакалыбыз, кеңешчибиз жана жол башчыбыз катары төрүбүздө болот"-деп жазды Сулайманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости