www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Рамазан айында эмдөөдөн өтсө болобу? Муфтияттын жообу

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын орусиядагы кесиптештери «Спутник V» вакцинасына изилдөө жүргүзүпүп чыгышты. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында муфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы билдирди.

Бактияр Токтогазы уулу вакцина маселесине жарандар кайдыгер карабастан ден-соолугуна маани бериши керектигин белгиледи.

«Буга чейин Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина келген. «Рамазан айында вакцина алса болобу?» деген сууроолор түшкөн. Вакцина орозого эч таасир этпейт. Эгерде кимде-ким бул айда коронавируска каршы эмдөөдөн өтөм десе, эч маселе жаралбайт. Коркпостон вакцина алыңыздар, себеби ден-соолук ар бир жаранга маанилүү», - дейт ал.

Муфтияттын өкүлү кошумчалагандай, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын орусиядагы кесиптештери «Спутник V» вакцинасына изилдөө жүргүзүп, эч кандай карама-каршылык жок экендигин билдиришкен.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 26-апрелде «Вакциналар бизди жакындатат» урааны астында европалык эмдөө жумалыгы башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости