www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Дастан Бекешев Садыр Жапаровго кеңеш берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев NazarNews маалымат агенттиги аркылуу президент Садыр Жапаровго кеңеш берди.

--“Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз. Өлкөнү колубуздан келишинче алдыга сүйрөшүбүз керек. Кыргызстан адам укуктарынын мамлекети деп айтылат. Адам укуктарын сактоого аракет кылалы. Биз билим менен гана алдыга кете алабыз. Ошондуктан билимдин сапатын күчтөндүрүп, саламаттыкты сактоо жана социалдык абалды жакшырталы. Карапайым жарандарга көп көңүл бөлүп, жардам берели. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин келүүсүнө шарттарды түзөлү. Садыр Жапаров баарын алып алды. Эми иштеши керек. Эл туура эмес кылса ачык, коркпой айткандары туура. Саясаттан тышкары экономика бар. Муну жөнгө салбаса эл өзү оппозиция болот. Эл өзү саясатчы болуп калат. Эгер өлкө башчы убадаларды айтып аткарбаса, президентке эч ким ишенбей калат. Чыдабай көтөрүлүшкө чыгат. Барын камап түрмөгө отургуза албай калат. Бир жагынан президентти сындай бергенден эч нерсе чыкпайт, жакшы жагын дагы айтып, колдоп туралы.

Президентке кеңешим биринчи экономиканы ойлонуп, экинчи жакшы кадрларды тандаш керек. Сизге каршы болуп, макул болгон кадрларды дагы алып келсеңиз. Алар жок дегенде жардам берет”, - дейт эл өкүлү Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости