www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узакка созулган катуу оорудан кийин кечээ, 25-апрелде Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты.

Бүгүн, 26-апрелде аны менен коштошуу зыйнаты өтүүдө. Ага Жакиевдин замандаштары, жакындары, бийлик өкүлдөрү, маданият адамдары катышууда.

Кошотошуу зыйнатына өкмөт башчы Улукбек Марипов, ЖК төрагасы Талант Мамытов, экс-президент Сооронбай Жээнбеков да келди.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

1958-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редактор кызматынан баштаган. Андан кийин 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРнын Маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРнын Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган. Ошондой эле 1994-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости