www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Россиядагы майдан берки рекорд жаңыланды

Россиянын аймагында коронавирус жуктурган жаңы бейтаптардын суткалык саны рекордду жаңылады. Акыркы суткада 10 499 адамдан коронавирус аныкталган. Мындай жогорку көрсөткүч 15-майдан бери каттала элек болчу.

Бүгүнкү күнгө карата Россия Федерациясынын аймагында жалпы 1 215 001 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 979 143 адам айыкты. Учурда 214 500 бейтап дарыланып жатат.

Жаңы катталган бейтаптардын көпчүлүгү же 3327 адам Москва шаарында. Бул шаарда жалпы 303 940 адам коронавирус менен катталып, Россияда биринчи орунда турат.

Россиянын аймагында акыркы сутканын ичинде 107 адам коронавирустун кесепетинен көз жумган. Бул санды кошкондо федерацияда жалпы 21 358 бейтап оору жуккандан кийин каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости