www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларындагы шайлоо бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Южно-Сахалинскте шайлоо Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3:00дө башталып, саат 15:00дө жыйынтыкталды. Ал эми Владивостокто Бишкек убактысы боюнча саат 4:00дө башталган шайлоо саат 16:00дө бүттү. Бул шаарлардагы шайлоонун жыйынтыгы саат 20:00дөн кийин айтылат.

Жалпысынан чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде Кыргызстандын 32 миң 602 жараны катталган. Саат 16:00гө карата алардын ичинен 5283 шайлоочу добуш берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости