www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Төрт киши кайтыш болуп, 63 бейтаптын абалы өтө оор

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 370 адамдан коронавирус аныкталып, 510 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 243;

Ош шаары – 2;

Чүй облусу – 71;

Ош облусу – 4;

Талас облусу – 1;

Нарын облусу – 5;

Ысык-Көл облусу – 11;

Жалал-Абад облусу – 18;

Баткен облусу – 15.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 196 602ге жетти. Анын ичинен 184 538 адам дартты жеңген.

"Тилекке каршы, кечээтен бери оору төрт адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкек шаарында катталса, экөө Чүй облусунун тургундары болгон. Вирус өмүрүн алгандардын жалпы саны 2 858ге жетти", — деп билдирди штабдан.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 118 бейтап стационардык дарыланууда болсо, 6 583 адам медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда. Ооруканадагылардын ичинен 63 бейтаптын абалы өтө оор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости