www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул комитетке мүчө болгон Ташиев депутаттык мандатын тапшырат деген сөз бар. Комитет жетекчиси Азизбек Турсунбаев (Ала-Букинский округ), анын орун басарлары Марат Мураталиев («Ишеним»), Мирлан Самыйкожо (Кочкор округу), Кундузбек Сулайманов (Токтогул  округу).

Комитетте кимдер бар:

- Сеидбек Атамбаев (Аламүдүн округу);

- Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»);

- Замирбек Мамасадыков («Ыйман Нуру»);

- Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);

- Максатбек Сарбагышев (Ысык-Көл округу);

- Шайырбек Ташиев (Жалал-Абад округу);

- Женишбек Токторбаев («Ата-Журт Кыргызстан»).
Таласта Тай - Жоргодо 5 млрд долларлык кремний кени бар. Чат-Базарда 3 млрд долларлык аллюминий кени бар. Жер -Үйдөн уланып Чырканакта азыркыдан да көп алтын запасы жатат. Ушулардын баары бири-бирин улап жатат.

Мындай кендер Кыргызстанда өтө көп. Өзүбүз иштетсек сонун болот эле? Камеко деле Кум-Төргө келгенде бир тыйын акчасы жок эле ачып иштете баштаган. Алардан кембизби? Бирок Кытайларга бербешибиз керек. Кытай эми алдаганга өтөт. Биргелешкен компания деп,башчысы аты- жөнү таанымал эмес кыргызды коюшат.

Бирок орун басары кытай болот. Компанияны орун басары башкарып турат тымызын. Айтты-айтпады дебегиле ушул вариантка бара жатабыз го дейм?

Азыркы «Кыргызалтындагы» кырдаал – бул көйгөй бүгүн гана жаралган жок, кечээ да эмес. Мунун бары көп жылдардан чогулуп келаткан, мындайча айтканда системалуу кризис. Ишкананын алдында муну чечүү үчүн эки чоң проблема жатат: бул минералдык – чийки заттык базанын жаңы булактарын издеп табуу жана кендерде жана филиалдарда эскирип бара жаткан жабдыктарды калыбына келтирүү, ушундай проблемалардан улам алтын казып алуунун көлөмү кыскарып, өндүрүш ылдыйлап баратат.

Запасы азайып бараткан «Макмалалтын», 1986 –жылы ишке кирип, анын запасы 2004-жылдын башында эле түгөнгөн. «Терек-Сай» кенинин  запасы да түгөнгөн, ал эми «Солтон Сары» кенинде  2 тоннага жетпеген запас калды. Экинчи проблема – эскирген жабдыктар.

Бул кендерде  техника өз мөөнөттөрүн иштеп бүткөндүктөн, ар дайым бузулуп, толук көлөмдө иштөөгө мүмкүнчүлүктөр болбогондуктан, металлдарды жоготуу 30 пайыздан ашып кетип жатат.  Мисал үчүн, атайын адистердин айтымында техникалардын иштен чыгышына, иштетүү үчүн пайдаланылбагандар «Солтон - Сары» кенинде 50 пайыздан ашык болсо, «Макмалалтында» бул көрсөткүч 59  пайызга жетет, «Терек-Сай» кенинде жабдыктардын эскиришинен кырдаал андан да татаал, ал жерде 80 пайыз иштетүү үчүн пайдаланылбайт.

Эскирген жабдыктар, бул көптөн бери жарыла албай турган көйгөй, муну азыр дароо чечишибиз керек, болбосо ишкана эртеби же кечпи банкрот болот.

Азыркы топтолгон кризистик абалдан чыгуу жана  анын эмне себептен бул абалга келгенин так аныктап, «Кыргызалтында» болуп жаткан кырдаалды өзгөртүү үчүн, ишкананын келечекте стратегиялык жактан өнүгүшү үчүн, азыр «антикризистик план» иштелип жатат. Бул документ боюнча башкы багыт кемчиликтерди жоюуга жана натыйжалуу башкарууга багытталган.

Бул документте үч тоо-кен казып алуу филиалы пландуу түрдө үлүш ала турган биргелешкен «Кыргызалтын» ишканасын кайра түзүү боюнча компаниянын корпоративдик түзүлүшү каралган. Тыштан келе турган инвестициялардын негизинде ишкананын филиалдарында бардык жабдыктарды модернизациялоону пландап жатабыз. 

Албетте, азыркы учурда түзүлүп жаткан проблемалар аркылуу «Кыргызалтында» болуп жаткан акыбал инвесторлор үчүн бал каймак эмес экенин түшүнүп турабыз, бирок ошого карабай инвесторлор менен «Кыргызалтын» үчүн пайдалуу шартта келишимдерди түзүүгө аркет кылыш керек.

Бул стратегияда эң башкы көңүлдү эмгек шарттарын жакшыртууну көздөө менен бирге, жогорулатылган эмгек акы менен адистердин конкуренттик жөндөмдүүлүгүн арттыруу керек.

Алтын кенин иштетүү филиалдарда эмгекти баалоо төмөн жана иштөө шарттары начар экендиги жашыруун деле эмес, эмгек шарттары мыкты болушун тилейли. Кадр саясатын так жана сабаттуу иштеп чыгыш керек, ошондо гана  ишкана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, адистердин келип - кетиши азайат.

Ушундай оор кырдаалдарга карабастан, мындай абалдан чыгуунун айласы албетте, бар. Жакынкы жылдары «Кыргызалтын» компаниясын Кыргызстандын гана долбоорлору менен  эмес, чет мамлекеттик компаниялар менен биргеликте иштеше ала тургандай.

«Макмалалтын», «Солтон – Сары» жана «Терек – Сай» үч филиалдан инвесторлорду кызыктырган биргелешкен ишкана түзүп жана пайдалуу жагдайда сунуш кылгандар менен ишкана иштешсе жакшы болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости