www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиевдин жээни Болот Темировду сотко берет. Себеби

«Кыргыз Петролеум Компани» журналист Болот Темировду жана анын командасын сотко берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Байгазы Матисаков маалымат каражаттарына уюштурулган пресс-тур учурунда билдирди.

Анын айтымында, Темиров Live ютуб каналынын иликтөөсүндө туура эмес маалыматтар бар. Компанияда муну далилдеген фактылар бар. «Бизде бардык фактылар менен документтер бар. Ар бир нерсе тастыкталат. Муну текшерсе болот», — деп жыйынтыктады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости