www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Temirov live ютуб каналынын журналисти Тыныстан Асыпбеков өзүнүн фейсбук баракчасынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Журналист: «Менин интимдик видеом качан чыгат Камчыбек Ташиев?» — деп анын баракчасын белгилеген.

Мындай собол салганынын себеби, Temirov live ютуб каналынын менеджери Айжан Алымсеитованын төшөк кумарына баткан видеосу таркап кеткенден улам болгон.

Айта кетсек, буга дейре журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болотбек Назаров баңги зат колдонот жана таратат деп шектелип кармалып,кийин экөө тең коё берилген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берген. Болот Темировдун кеңсесинде баңги заттар таратылууда деп арыз жазылган. Анын жанындагылар кармалып, канында баңгизат бар экени аныкталды. Жакшы жери - журналист Болот Темировдун канында эч кандай мыйзамсыз заттар табылган жок. Бул анын жазасын жеңилдетет», — деген.

Көп өтпөй төкмө акындын баңги зат колдонуп жаткан видеосу интернет айдыңына тараган.

Буга чейин Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот?» «Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген аталышта иликтөө жарыялаган.

Учурда бул аталган иликтөөлөр коомчулукта катуу талкууга алынууда.

Ал эми төкмө акын Болотбек Назаров «Камчыке кара калкыңды», «Эки дос» аттуу ырларын чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости