www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти 3-апрель күнү кечинде, коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында 20 жашка чейин жарандар үйлөрүнөн чыгууга тыюу салды.
Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 4-апрелден баштап өлкө боюнча 20 жашка чейинкилерге үйлөрүнөн чыкпоого буйрук берген.
"Максатыбыз атуулдарыбызга кыйынчылык жаратуу эмес, өздөрүнүн дагы жана алар менен түздөн-түз байланышта болгондордун ден-соолугунун коопсуздугун камсыздоо. Эрежелерге канчалык баш ийсек пандемиянын жайылуусун ошончолук көзөмөлгө алып, коркунучту жое алабыз", - деп Эрдоган айткан
Ошондой эле, Түркиянын 31 шаары жана борбор калаасы Анкарада 15 күндүк мөөнөткө унаалардын чыгуусуна тыюу салынды.
Белгилей кетсек, өлкөдө 65 жаштан ашкан жана өнөкөт оорусу бар адамдар милдеттүү түрдөгү карантинге алынышкан.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Түркияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 20 миң 921 адамга жетип, 425 адам каза тапкан.
Булак: NazarNews.kg