www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус менен күрөшүүдө керектүү медициналык каражаттарды жана дары-дармекти экспорттого тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Мен медициналык каражаттарды экспорт кылышына каршымын. Ошон үчүн өндүрүштү коргоо Актына шайкеш келген токтомго кол койдум", - деди Трамп.
Токтомго ылайык америкалык өндүрүшчүлөргө респиратор, хирургиялык беткап, мээлей баштаган коргоочу каражаттарды экспорттоого тыюу салынат. Президент бул каражаттар АКШнын өзүнө керек экенин белгиледи.
Буга чейин №95 респираторун чыгарган америкалык 3M компаниясы администрациянын Канадага жана Латын Америкасына экспортту токтото туруу сунушун четке каккан. Компания мындай кадам аймакта гуманитардык көйгөйдү гана жаратпастан, бул өлкөлөрдү жооп иретинде чара көрүүгө түртө турганын билдирген.
Компания коргонуучу каражаттарды көбүрөөк чыгара баштаганын айтканы менен айрым штаттардын губернаторлору беткаптарды чет элдик кардарлар менен талашып алып жатканына даттанышууда.
Булак: NazarNews.kg