www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Жарандар үч вакцинанын бирин тандай алышат

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө иши үч программа боюнча жүрүп жатат. Бул тууралуу 26-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди.

«Бүт бардыгы үч вакцинанын кайсынысын тандап алса, ошону бекер жасап береби», - деди министр.

Министрдин айтымында, COVAX программасы боюнча AstraZeneca (Улуу Британия) вакцинасынан 2 миллион 600 миң доза келет. Анын алгачкы 405 миңи майдын башында келгени жатат.

Белгилей кетсек, кытайдын Sinopharm вакцинасын Кыргызстан 29-мартта колдоно баштаган, бүгүнкү күнгө карата аны менен 16 миң кыргызстандык эмделди. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза 19-мартта келген.

Ал эми орусиянын «Спутник V» вакцинасынан 20 миң доза келген, аны менен 65 жаштан өйдө курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар бардык аймактарда 25-апрелден тартып эмделе баштады. Ошондой эле, жакын арада андан дагы 100 миң доза келери айтылды.

Эскерте кетсек, эмдөө ыктыярдуу негизде жана бекер жасалат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости