www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, видеоконференция форматында өтүп жаткан БУУнун Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

"Урматтуу Аткаруучу катчы айым,

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Бириккен улуттар уюмунун Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышында сөз сүйлөө мен үчүн чоң сыймык.

Бүгүнкүдөй бүткүл адамзат үчүн кыйын болуп турган мезгилде сиздердин алдыңыздарда өтө чоң иш — пандемия учурунда "мурдагыга караганда жакшы" деген принциптин негизинде региондогу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча чечимдерди иштеп чыгуу милдети турат.

COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Азия-Тынч океан регионундагы эл аралык соода жүргүзүүдө олуттуу көйгөйлөрдү жаратты.

Бул Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын мындан ары толук ишке ашырууга коркунуч келтирди.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгү кирешелеринин олуттуу бөлүгүн жоготушту. Ал эми колдо бар ресурстарын пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшоого аргасыз болушту.

Былтыр Туруктуу өнүктүрүү боюнча саясий форумдун жүрүшүндө Кыргызстан Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын жетишкендиктери боюнча биринчи улуттук ыктыярдуу баяндамасын жасаган эле.

Бул баяндама COVID-19дун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга тийгизген таасирин эске алуу менен даярдалган. Ошондой эле анда өлкөнүн эл аралык колдоого муктаж болгон тармактары чагылдырылган.

Ушуга байланыштуу, биз БУУнун Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы тарабынан Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү маселелерине мындан ары дагы абдан чоң көңүл бурулат деп ишенебиз.

Урматтуу Аткаруучу катчы,

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Кыргыз Республикасы — деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкө. Бул жагдай тышкы соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүбүздү кыйла кыйындатат.

Ошондуктан биз Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия экономикасы үчүн атайын программасы аркылуу Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын колдоосун кубаттайбыз.

Кыргыз Республикасы Тынч, Индия жана Атлантика океандарынын портторуна чыгууга муктаж. Ага жараша Кыргызстан өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартууга кызыкдар. Биз инвестиция жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Биздин башкы максат  — бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоону камсыздоо.

Пандемия шартында биз жаңы тоскоолдуктарды жаратпастан, тескерисинче, соода тармагын өнүктүрүп, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү максатында болушунча жигердүү кызматташуубуз зарыл.

Сөзүмдүн акырында жыйындын бардык катышуучуларына мындан ары натыйжалуу иш алып барууну жана жалпы максаттарыбызга жетишүүгө ийгиликтерди каалаймын!" 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости