www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опера жана балет театры карантинге жабылды

Борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театры карантинге жабылды. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр вирустун жайылышын алдын алуу максатында 2 жумага жабылды.

«Кечээ жакында СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгына арналган «Ак-Мөөр» спектаклинин бет ачарын өткөрдүк. Ага келген адамдардын санынын көптүгүн эске алып, коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында аралыктан иштөө режимине өтүү чечими кабыл алынды», – деп билдиришти театрдан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости