www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эл менен бийликтин аң-сезими өзгөрүлмөйүнчө - экономика өспөйт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев.

--“Азыр дүйнө өнүктү, адамдардын аң-сезими мурдагы Совет доорундай эле калды. Эл менен бийликтин аң-сезими өзгөрүлмөйүнчө - экономика өспөйт. Биринчи адамдын аң-сезими өзгөрүшү керек. Бул экономикага абдан таасирин тийгизет. Айрыкча адамдардын экономика боюнча жакшы түшүнүктөрү болушу зарыл. Ал эми биздин мамлекеттин сот системасы башаламан болуп жатат. Ошого байланыштуу дагы инвесторлордун келиши кыйын. Алар биринчи коопсуздугун ойлошот. Мисалы, өнүккөн өлкөлөр деле инвесторлорду кыйын тартып жатышат. Айрыкча Кытай инвестор тартуу боюнча алдыңкы орунга чыкты. Ал жерге дагы көпчүлүгү барып, бизнес кылышат. Себеби, ал жакта мыйзам аябай жакшы иштейт”, - дейт Шершеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости