www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 А. Бекназаров Кыргыз элин жана бийликти, ыйык Рамазан айынын парыздарын бузбоого, сабырдуулукка чакырды...

Урматтуу кыргыз элим!

Адатымча «унчукпай коюуга укугум жок» - деген атуулдук принцибимди туу тутунуп, журналистерибиз мага чыгышып, азыркы күндө Кыргызстанда актуалдуу болуп жаткан үч маселе боюнча берген суроолоруна өз пикиримди сиздерге кайрылуу аркылуу билдирүүнү туура таптым.

1. Чек-ара маселеси боюнча

Кыргызстандын чек-ара маселеси кыргыздар мамлекеттүүлүгүн алган мезгилдерден бери (1924- ж.) эң орчундуу маселе бойдон калууда. Себеби Борбордук Азиядагы элдердин мамлекеттүүлүгү жеринде жергиликтүү эл аркылуу эмес, негизинен Москвада чечилген. Ошол СССР түзүлүп жаткан өткөн кылымдын 20-30-жылдарында жана СССР ыдырап жаткан 90-жылдардын башында кайсы республиканын башчысы алдыны көрө билген көсөмдүгүнө жараша аймактарга ээ болушкан. Мисалы СССР түзүлүп жатканда, Фергана өрөөнү боюнча араба жүргөн тегиз жерлер Өзбекстандыкы болуп, араба жетпеген тоолор Кыргызстанга калтырылган. Ал эми СССР ыдырап жатканда, Өзбекстандын президенти И. Каримов өз ишин чу дегенде эле мамлекеттик чек арасын бир тараптуу бекемдөө менен баштады. Акаев болсо Кыргызстандын чек арасын бекемдөөнүн ордуна, Кыргызстанды «общий домго» айлантуу менен алектенип, «демократия», завод-фабрика, колхоз-совхоздорду жок кылуу үчүн кредит издеп батыштап саякатта жүрдү.

Өзбекстан өзү билип ээлеп алган жолдорубуздан өтө албай кыргыз байкуш Ош-Жалал-Абад, Бүргөндү, Кызыл-Алма, Кербен-Ала-Бука жана башка ондогон айлампа жолдорду жергиликтүү бийлик ошондо салууга аргасыз болгон. Муну орто жана жогорку муун жакшы билебиз. Өзбекстан чегин кеңейтүүнү токтотпой, ошол айлампа жолдорго чейин кеңейтишти. Чек-ара маселесинде бардык коңшуларыбыз, оболу кыргыз жерлерин ээлеп алып же «талаш участок» деп доомат коюп, анан кыргыздын жерин кайра өзүнө жарымын бөлүп алып, калганын кайрып берет же өз жерин өзүнө алмаштырып берип келе жатат. Болгондо да стратегиялык жер, сууларыбызды талашка салат.

Мисалы, Кытай алган жерлерди санайлы: Үзөнгү-Кууш дарыясы, Сары-жаз дарыясы, Какшаал дарыясы, Хан-Теңиринин чокусу. Казактар алган жерлер: Каркыра жайлоосу дарыясы менен, Хан-Теңиринин чокусу, Чомуч, Токмоктун тушундагы суу бөлгүч түйүндөрү, Маймак таш карьери, Көк-Сай жайлоосу суусу менен. Өзбектер талашып жаткан жерлер: Орто Токой, Кемпир-Абад суу сактагычтары, Уңгар-Тоо, Сох дарыясынын айрым жээктери, тажиктер менен кыргыздар бир булакты талашып жатканы эмнеден кабар берет?! Анткени суу негизги башкы байлыкка айланууда. Буларды майдалап айтып жатканым, чек-ара маселеси өткөндөн калган оор чиеленишкен маселе экендигин, аны чечүү үчүн да өтө дыкаттык, кылдаттык, даярдык, сабырдуулук, мекенчилдик жана билимдүүлүк талап кылынаарын эскертким келет. Биздин мурдагы өлкө башчыларында ушул касиеттер жетишпей келди. Элибиз да кайдигерликтин казанынан чыга албай, бир колхоздун башкармасы кыргыз жерлерин берип салган жоруктарыбыз да жок эмес.

Ооба талаш жок, К.Ташиев башында турган комиссия тарабынан кезектеги катачылык кетирилди. Аны өздөрү да мойнуна алып, Кемпир-Абад маселесин кийинкиге калтырабыз деп жатышат. Кетирилген катачылыкты оңдоого юридикалык жактан да, убакыттан да толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Делимитация жана демаркация иштери башталганга чейин «бизге өттү», «Өзбекстанга берилди» - деген талаш жерлер, объектилер боюнча ар түрдүү экономикалык, экологиялык саясый-стратегиялык экспертизалар өткөрүлүшү талап кылынат. Коомчулуктун, айрыкча жергиликтүү тургундардын пикирлери изилденүүгө тийиш. Анткени ал жерде алар түбөлүк жашайт. Дүйнө жүзүндө айрым бүтүндөй аралдар, суулар боюнча талаш-тартыштар бекеринен кылымдап чечилбей жүрбөсө керек. Себеби, эл аралык ченем боюнча талаш деп эсептелген жер, суулар эки тараптуу пайдалуу жана ыңгайлуу чечилгенге чейин жүрө берет. Аны биргелешип, тынч пайдалануунун эрежелери эки тараптуу бекемделет жана аны эч кимдин бузууга укугу болбойт.

Биздеги Ташиев кол койгон документтер болгону протокол

Ал КРнын Өкмөтү, КР президенти тарабынан юридикалык жактан расмий колдоого алынып, эки мамлекеттин президенттери тарабынан келишим түрүндө кол коюлган эл аралык документке айлана элек. Жогорку Кеңеш тарабынан ратификация боло элек. Демек кетирилген катачылыкты жоюп коюуга же Ташиев кол койгон протоколду КРнын Өкмөтү же Жогорку Кеңеш жокко чыгарууга милдеттүү. Мындай катачылык эгемендиктин мезгилинде көп эле жолу болгон.

Мисалы, 2001-жылы ошондогу Кыргызстандын Өкмөт башчысы К.Бакиев, Өзбекстандын Өкмөтү тарабынан Сох анклабы боюнча даярдап келген меморандумга кол коюп бергенде 2-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары оперативдүү түрдө маселени карап, Бакиевдин кол койгон документин жокко чыгарткан. Бакиев өзү да парламентте кетирген кемчилигин мойнуна алган. 2001-жылы эң жогорку деңгээлде кол коюлган Кыргыз-Казак чек арасы боюнча келишимди 2-жана 3- чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2008-жылга чейин ратификация кылган эмес.

Аны 2008-жылы Ак-Жол парламенти ратификациялап, Каркырага, Маймакка, Көк-Сайга окшогон кыргыз жерлери казактарга өтүп кеткенин жакшы билесиздер. Азыр да КРнын Өкмөтү же Жогорку Кеңеш тезинен карап, Ташиев кол койгон документтерди жокко чыгарып, Тышкы иштер министрлиги аркылуу Өзбекстанга расмий нота жиберүү менен чектелип, сүйлөшүү форматтары, раунддары улантылууга жатат. Ушундай эле ойду Ташиев мырза өзү да айтып жатат, болгону Кемпир-Абад боюнча гана. Белгилеп кетчү факты СССР таркап жатканда, жалпы Союз тарабынан курулган объектилердин да тагдыры кошо чечилген. Бардык Республикалар өз аймагындагы бардык объектилерге ээ болору аныкталган. Мисалы Байканурга Казакстан азыр ээ, Россиядан аны пайдаланганы боюнча ар жыл сайын акча каражатын алып турат. Демек, Кемпир-Абад суу сактагычына Кыргызстан ээ. Талаш жерлер, объектилер боюнча оргинал документтердин бардыгы Москвада.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан да 1920-1930-жылдары Москвада түзүлүп, аймагы аныкталган жана 1990-жылдары Москвада ошол кездеги аймактары менен эгемендүүлүгүн алышып бирин-бири таанышкан. Бул мезгилдердин ортосундагы түзүлгөн айрым жылдагы карталар же чарбалык же административдик-ведомстволук мүнөзгө гана ээ. Республикалардын мамлекеттик аймактары өзгөртүлнөн эмес. Азыркы бийлик 28-апрелде Өзгөндө боло турган элдик жыйынга так ушундай жол менен сүйлөшүүлөрдү улантаарын, Ташиев кол койгон чечимдерди жокко чыгаруу менен баруу керек. Чек ара маселесинде бекем турушкан кыргыз  элиме, өзгөчө Кемпир-Абад боюнча бекем турушкан өзгөндүк туугандарга терең таазим. Бийлик аларга терең ыраазы болуш керек, тарыхый катачылыктан аларды дал ошолор сактап калды. Мекендин бүтүндүгүнө келгенде позиция, оппозиция деген болбошу милдет. Оппозициянын бийликтин ушундай оркойгон кетирген кемчилигин пайдаланып жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш, мындан кийин оппозицияга «жем» болбоо жагын бийлик өзү ойлонуу керек. Оппозиция да, мекенибиз жөнүндө сөз болуп жатканда, кетирген кемчиликти моюнга алып, маселени оңдоп чечүүгө аракет кылып жаткан бийликти эл душманы катары күнөөлөө туура эмес.

2. Июнь кооглаңы боюнча козголгон кылмыш иш боюнча

2010-жылдын июнь окуясы боюнча жаңы кылмыш ишти козгоонун кереги жок болчу деп эсептейм. Анткени өз учурунда 5 миңдей кылмыш иши козголгон. Андан көп болсо 500нө жакыны сотко кетирилип, калганы Убактылуу Өкмөт өзүн өзү таркаткандан кийин (2010-ж. 21-декабрь) дээрлик бардыгы өндүрүштөн токтоп калган. 2010-жылдын аягында бийликке келген Жогорку Кеңеш, алар шайлаган жаңы прокурор, судья, тергөөчүлөр аларды аягына чейин чыгарышкан эмес. Жаңы бийлик да кызыккан эмес. Ошол иштердин алкагында эле, тергөөнү жандандырып иш жүргүзсө болмок. Ал иштер прокуратурада жыйылып чаң басып жатса керек. Азыркы Башкы прокурор тажрыйбалуу адис катары мунун баарын жакшы түшүнөт. Коомчулукта июнь коогалаңын ким уюштурган деген суроого ар түрдүү жоопторду, ар кайсы саясый күчтөр өзүнө ылайыктап жооп таап саясат кылып айтып келишти жана айтып жүрүшөт. Айрыкча Бакиевчил ревашистик күчтөр. Алардын Алматыда атайын офиси бар деп угуп жүрөм. Айрым саясый партиялар, саясатчылар аркылуу Кыргызстандын саясатына да катышып жатышканы жашыруун деле эмес. Жаңы бийлик келгенден бери соцсеттер аркылуу кадыресе иш жүргүзүп жатканы билинет. Жаңы кылмыш иштин ачылышы менен «эми Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү камалышат» - деген кара пиарды күч алдырышты.

Айрыкча, «Батыровду чыгарышкан» дегенге басым жасалган саясат бар. Бул Атамбаев мезгилинде 2016-жылы да башталып кайра токтогон эле. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн кайсы бирин «Батыровду чыгарып жиберген» дегенден көрө, «Бакиевди, анын жакындарын чыгарып ийген» - деген «айып» койсо чындыкка жакын болмок... Соцсеттерде таркатылып жаткан Батыровдун 2016-жылкы маегинде эч кандай жаңы жагдай, далил, факты да жок. Батыровго Бакиевдердин Тейиттеги камакта турган үйлөрүн өрттөгөнгө катыштыгы болгону жана башка да эки факты боюнча 2010-жылдын 13-14-майда эле кылмыш иши козголуп, (по факту) 20-майларга чейин тергөөчүлөр ага айып коюп, соттон аны камакка алууга санкция ала албай жүрүшкөн. Ошол учурдан пайдаланып ал жашырынып жүргөн жана качып кеткенге үлүгүргөн.

Бирок ал Убактылуу Өкмөттүн мезгилинде козголгон, тергелген кылмыш иштер боюнча өз жазасын, сырттан болсо да алды, мүлктөрү университети баш болуп конфицкация болду. Бирок июнь окуясын конкреттүү бирөө, же бир уюм уюштурду деп бир дагы комиссия, тергөө 2010-жылы аныктаган эмес. Бардык комиссиялар; - июнь окуясы 7-апрелдеги элдик толкундоодон бийликтен кулатылган Бакиевдердин түштүктөгү реваншисттик аракеттеринен, андан чыккан кесепеттерден, Убактылуу Өкмөттүн айрым маселелерде бирдиктүү аракеттеринин жетишсиздигинен жана адаттагыдай эле Кыргызстандын бийлигинин алсыздыгынан пайдалангысы келишкен Батыровко окшогон сепаратистердин жоопкерчиликсиз аракеттеринен, ошондой эле, ушундай кырдаалды пайдаланып, Кыргызстанда өз кызыкчылыгын бекемдигиси келишкен үчүнчү күчтөрдүн кошул-ташыл аракеттеринен июнь окуясы келип чыккандыгын белгилешкен. Бакиевдердин, Батыровдун, Салахитдиновдун ж.б. өлкөдөн чыгып кетиши боюнча бардык комиссиялардын тыянагында чагылдырылып баа берилген. Эгерде 11 жылдан кийин азыркы УКМК жаңы ачылган жаңы жагдайды таап, жаңы фактыларды аныктаса, аларга рахмат дейбиз да. Азыркы бийлик ээлери деле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүндөй июнь окуясынын катышуучулары болушкан. Мен ойлойм баарыбыз тергөөгө жардам берүүгө милдетүүбүз.

Ал эми июнь окуясынын алдын алалбаганыбыз үчүн саясый-моралдык күнөөбүздү Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү өз убагында мойнубузга алганбыз, элден кечирим сураганбыз, керек болсо дагы сурайбыз.

3. Матраимовдун ишинин кыскартылышы боюнча

УКМК юридикалык жактан башкача чечимге келүүгө шансы жок болчу. Анын «арам акчаларлы адалдаштыруу же сыртка чыгаруусу» боюнча экинчи иши Матраимовдун жеке душмандары менен батышчылардын биргелешкен аракеттеринин басымы менен эле коомчулукту сооротуу үчүн козголгону, кичине мыйзамды түшүнгөн кишиге көрүнүп эле турган. Кайсы өлкөгө канча акча чыгарганын далилдөө азыркы заманда абдан кыйын. Айрым өлкөлөрдөн кат алуу менен бүтөт. Матраимовго Жээнбековдун президент болуудагы кошкон «бөтөнчө салымы» үчүн, Жээнбековдун душмандары Матраимовду Кыргызстандагы №1-коррупционер кылып көрсөтүү, аны өздөрүнөн бөлүп, Жээнбековго жабыштыруу саясаты ушунчалык митаамчылык менен жүргүзүлдү. Алардын бул аракети текке кетпеди, айрым ММКлар, алардын журналистери аркылуу Матраимов АКШнын кара тизмесине кирген биринчи кыргыз болду. Зоболосу көтөрүлдү! Аны канчалык «коррупционер» деп карапайым элдин кулагына күндө куйбасын, анча-мынча коррупция эмне деген кылмыш экенин түшүнгөн адамдар, бул болгону митаамчылык арамза саясат экенин түшүнүп турушту.

Матраимов коррупционер болуш үчүн, мамлекеттик кызматта жүргөндө, мамлекетке же коомго, кимдир бирөөгө оор зыян келтирген кылмышты, кылмыштуу топ менен кызматта туруп жасашы керек эле. Андайды эч ким айткан жок, арыз түшкөн жок, жабырлануучу болгон эмес, зыян кимге келтирилгенин эч ким билдирген эмес. «Атамбаев, Кулматовдорду кошо тартпайсыңарбы» - деген жалгыз мен болдум окшойт. Аларды же Жээнбековду эч ким ага кошо алган жок. Мыйзамсыз байыганы боюнча ал жазасын алды, бирок кандай жол менен байыганын тергөө далилдей алган жок. Болгону акыркы 5 жылдык Декларациясы боюнча айыпка жыкты. АКШнын деңгээлинде аны каралоо иштери жылдап жүргүзүлсө да, ал чынында сынган жок. Анын биринчиси бийликке ким келбесин аны менен иштеше билерин, бийликтин тилин табаарын, экинчиси карапайым элге кайрымдуулук көрсөтүүсүн, үчүнчүсү өзүнө каршы аракеттенген саясый партия, саясатчыларды шайлоодо жеңүү үчүн, акчасын аябастыгын. 2017-жылкы президенттик шайлоодон берки бардык шайлоолордо ал мурда бай аталып келген саясатчыларды, алардын партияларын жеңип келүүсүн токтото элек.

Болгон кетирген кемчилиги «чимкириктер» менен чоң саясый компанияга аралашып, аягында жалгыз калып калганы болууда. Анын акчасына президент, депутат, министр ж.б. болгондор ачыктан ачык коомчулукка ал тууралуу жакшы сөз айтып койгондон коркушат. Ага кошулуп коррупционер болуп калам деп ойлошот бечаралар. Бирок мезгил, жогорку сыноолор Матраимов үчүн чоң мектеп болду, эмки шайлоолордо адашпайт го деген ой келет. Матраимов эмне үчүн көп саясатчылар, саясый күчтөр айрыкча батышчыл айрым НПОлор үчүн дагы деле коркунучтуу бойдон калууда, себеби ал өлкөгө, жарандарга зыян келтирбей туруп, заманбап мыйзамсыз акча табууну мыкты өздөштүрүшкөн жана аны батышчыл партияларга, инсандарга атаандаш боло алган күчтөрдү уюштурууга, түзүүгө жумшаары менен коркунучтуу.

Анын башкы «күнөөсү» ушул. Анын чет элдик ишкер, бизнесмендер менен түзгөн контрабандалык схемаларынын Кыргызстанга зыянынан пайдасы көп болгондугунун, бүгүнкү Кыргызстандагы кымбатчылык далилдеп турат... Дүйнө жүзүндөгү бардык бай өлкөлөргө өлкөсүнө, элине зыянын тийгизбей туруп, көмүскө товар, акча жүргүзүүнү кесип кылышкан бай миллионерлер абдан көп. Ошолордун жардамы менен Өкмөтү өлкөдөгү кымбатчылыкты жөнгө салышат экен... Бизде бул коомго жат көрүнүш катары эсептелет. Кыргыз калкымды, саясатчыларды, бийлик өкүлдөрүн ыйык Рамазан айында сабырдуулукка чакырам, шашкан шайтандын иши, бийлик кетирген кемчиликтерин оңдойбуз деп жатат, бул да алардын элдин үнүн укканынын белгиси, Орозоңор кабыл болсун момун мусулмандар!

Азимбек Бекназаров, Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси

Булак: NazarNews.kg

Последние новости