www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
COVID-19 илдетинен кийин мээнин иштөө жөндөмүн калыбына келтирүүнүн жолун невролог Василий Грибанов «Мир 24» телеканалынын эфиринен айтты.
Анын белгилешинче, коронавирус инфекциясынын кандай гана формасы болбосун, нерв системасын жабыркатат. Оорудан кийин организмдин калыбына келүү мөөнөтү болжол менен үч-алты айга созулат.
«Башында биз бир айдан кийин адам өзүнө келип калат деп ойлогонбуз, бирок көпчүлүгү бир-эки айда да кадимки режимине келе албай жатканын көрүп жатышат. Мында шаардыктар көп жапа чегишти. Анткени биздин жашоо абдан активдүү, бардыгыбыз сегизден алтыга чейин жумушта болобуз. Андан кийин машыгуу залына барабыз, машыгабыз... Эс алуу күндөрү да тыным жок. Учурда нерв системасы буга карата аракет кыла албай, калыбына келүү биз каалагандай болбой жатат», - деген Грибанов.
Анын айтымында, скульптура жасоо же кисть менен сүрөт тартуу, башкача айтканда, майда-барат кыймылдар нерв системасын калыбына келтирүүгө жардам берет.
«Эгерде сиз сиңирүү оор болгон тамактарды, майларды, белокторду жесеңиз, бул посткоид синдромунун күчөшүнө алып келет, уйку качат. Анткени тамак сиңирүү режими бузулат. Коронавирус өзү уйкуну качырганын билип туруп, уктабай бир кесим эт же май жейбиз», - деди дарыгер.
Ал капуста, дан азыктары, мөмө-жемиштер, карагат жана малина сыяктуу клетчаткага бай азыктарды пайдаланууну сунуштады.
Булак: NazarNews.kg