www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус илдетин дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты Россиядан келген кесиптештер менен бирге талкууланып, иштелип чыкты. Бул маалыматты, бүгүн пресс-конференцияга катышкан Россиялык адистер тастыкташты.

“Аталган протоклду иштеп чыгууга мен дагы катыштым. Жаңыртылган версияга коронавирус боюнча респиратордук жардам жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизилди. Ошондой эле, альтернативдүү ыкма катары этиотроптук дарылоо жаңыланды”, – деп билдирди дарыгер – пульмонолог, м.и.к Лилия Козырева.

КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, протоколдун жаңы 4-вариантында пневмония эске алынып, анын оор формаларын дарылоо ыкмалары киргизилгенин кошумчалады. Протоколдун 4- версиясы даяр жана жакынкы күндөрү ишке кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости