www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экономист Сейдалы Мырзакматовду кепке тартып, Кыргызстандын экономикасынын 10 пайыз артка кетет деген божолдордун алкагында баарлаштык.
-Сейдалы мырза, Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасы 10% артка кетерин эскертти. Эмне кылышыбыз керек?
-Чет өлкөлүк финансы-кредиттик органдары көбүнчө официалдуу статистиканын маалыматтарына таянышат. Ошондой эле өздөрү да мониторинг жүргүзүшөт. Официалдуу маалыматтар, тагыраак айтсак Минфин, Улуттук Статистика комитети, Минэкономика, Улуттук банк жана башка бардык экономикалык ведомстволордун берген маалыматтары көбүнчө так болбойт. Анын бирден бир себеби, Кыргыз Республикасынын экономикасы ар кандай эксперттердин болжоосунда 50 пайыздан ашыгыраагы көмүскү экономикада. Ушуну эске алчу болсок, КР экономикасынын төмөндөөсү 10 пайыздан ашат. Өкмөт экономикалык абалды сактап кетүүгө аракет кылганы менен жарытылуу жыйынтыкты күтүү кыйын. Маселе акча каражаттарынын тартыштыгында. Негизи экономикага кошумча акчаларды тартуу керек. Өкмөттө кошумча салымдар турсун, бюджетти толуктоо маселеси да чоң проблемага айланган. Чынында бюджеттин толуктугу деле экономикага салым.
Капитализмде экономиканын өсүшү биринчи кезекте өлкө ичиндеги керектөө талаптарын (потребительский спрос) жандандырууда жана экспортко байланышкан. Акыркы 50-70 жылда дүйнөдө эмгек өндүрүмдүүлүгү 50 эседен ашык өстү. Товар, продукция өндүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдү дээрлик кандай гана санда болбосун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Дүйнөлүк тенденция ушундай. Биздин өлкөдө бир аз башкача болушу мүмкүн. Ал айырмачылык айыл чарбасы менен байланышкан. Мисалы жер-жемиштер, жазында үшүк уруп кетсе, түшүм жок калат. Жашылчалар товардык позициясында башкача болот. Аларды кайра эксе же күнөсканаларда (теплицаларда) өстүрсө болот.
-Экономикабызды эңшерилтпей кантип сактап калсак болот?
-Негизи экономиканы артка кетүүдөн сактап калуунун миңдеген жолдорун айта берсе болот, универсалдуу бир ыкма жок. Эң башкысы калктын, экономикалык субъекттердин, мамлекеттик чыгымдарды колдон келишинче стимулдоо керек. Экономика илиминде бирөөлөрдүн чыгымы, башкалардын пайдасы. Башкысы акча мамлекет ичинде калса болду деген таризде иш кылышыбыз керек. Анткени, мамлекеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошон үчүн ковид пандемиясында өкмөт бизнеске дээрлик эч кандай жардам бере алган жок. Болгону кээ бир компаниялар импортко бир аз жеңилдик ала алышты. Алардын күчтүү лоббиссинин баары парламентте болду.
-Кыргыз экономикасын кайсыл тармактар көбүрөөк жандантат?
-Негизи Кыргыз Республикасында уникалдуу абал түзүлгөн. Чарба жүргүзүүчү субъектилердин 99 процентке жакыны жеке менчик формасында. Кеп ошолордун аракетинде. Бизнестин жыл аягына чейин болчу иштери биринчи кезекте ковид пандемиясына жараша болот. КР экономикасынын дагы бир өзгөчөлөгү ИДП (ВВП) составында төйлөөлөр жана кызмат көрсөтүүлөр 50 проценттен ашыгын түзөт. Мындай көрүнүш негизинен постиндустриалдык өлкөлөргө тиешелүү. Биз агрардык-индустриалдык деңгээлде экенибизге карабай, ВВП структурасында ушундай абалда турабыз. Өлкө экономикасынын жандана башташы биринчи кезекте ушул секторго байланыштуу. Айыл чарбасы, транспорт, туризм, курулуш тармагы менен кошо жанданат.
-Мигранттардан келчү акчанын кескин азайышын экономикадагы жоготууларга кошсок болобу?
-Экономикадагы эң оор жоготуулар мигранттар акчасы менен байланышкан. Ал акчалар көптөгөн жылдар бою КР экономикасынын эң чоң, стабилдүү статьясы болуп келген. Жыл аягында белгилүү болот, канча процентке акча которуулар азайганы. Бул акчалардын бир артыкчылыгы, алар түз инвестициялар болчу. Налогдору төлөнгөн, эч кандай шарттары жок, түздөн түз кыргыз экономикасына кошулуп турган статья.
Башында белгилеп кетпедикпи, өлкө экономикасын жандандыруу түздөн-түз акча каражатарына байланышкан. Өкмөт чет өлкөлүк гранттарды, арзан кредиттерди табууга аракет кылышы керек. Жалпы эл арасында тышкы карыздар жаман деген стреотип калыптанган. Бул да негизинен туура. Тышкы карыздын көбү натыйжасыз пайдаланылган, мүмкүн кандайдыр бир бөлүгү коррупция жолу менен уурдалып да кеткен. Бирок, ковид пандемиясы алып келген экономикалык зыяндардан чыгып кетүүнүн башка жолу жок. Кытайдан гана карыз албоо керек. Ал өлкөнүн шарттары оор.
-Экономиканы сактап калууда ички резервди колдоно алдыкпы?
-Ички резервдер деп көп айтылат. Ички резервдер негизинен сарпталып бүттү. Эбегейсиз каржаттар ковидге каршы жумшалды. Мамлекет акчасы да, элдики, бизнес өкүлдөрүнүкү, спонсорлор, баары биригип келип өлкөнүн бирдиктүү, жалпы каражатын (совокупный капитал, общий объем денежных ресурсов) түзөт. Ошол каражаттардын көбү чет өлкөлөргө чыгып кетти. Себеби, ковидге каршы меджабдуулар, дарылар баары чет өлкөлөрдөн алынды.
Өлкө экспорту абдан эле аз. Быйыл бир аз текстиль өнөр жайы, айыл чарбасы, анан бир аз өнөр жай товарлары экспорттолот. Бирок алар өлкө экономикасына керектүү акчаларды алып келе албайт. Туристтер дээрлик болгон жок. Ички туризм эсеп эмес. Өлкө акчасы андан көбөйбөйт. Жакшысы өлкө жарандары жок дегенде чет өлкөлөргө туристтик сапарга кете алышпады. Айла жок ички туризм бир аз иштеди.
Булак:NazarNews.kg