www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Орусияда чыгарыла баштаган COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны сатып алышы мүмкүн. Бул тууралуу 16-августта өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал вакцинанын пайдасы ырасталары менен министрлик расмий каналдар аркылуу Орусиядагы кесиптештери менен байланышка чыкмакчы.

Орусия коронавируска каршы каршы вакцина өндүрүшүн баштаганын 15-августта "РИА Новости" агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен жазган.

Препаратты өндүрүүгө салым кошкон Орусиянын Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев азыркы убакка чейин 20 өлкөдөн миллиард дозалык вакцина чыгарууга буюртма алынганын кабарлады. Ошондой эле вакцинаны беш өлкөдө чыгаруу боюнча да макулдашуу бар. Анын сөзүнө караганда, Орусиянын өзү жылына 500 миллион доза чыгарууга кудурети жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости