www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда бардык негизги ресурстар бөлүнүп жаткан COVID-19 пандемиясынын айынан дүйнөдө ВИЧ / СПИД илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ / СПИД (ЮНЭЙДС) боюнча Бириккен Программасынын жаңы отчетунда айтылат.

ЮНЭЙДСтин божомолуна ылайык, 2020-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде дүйнөдө ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган учурлар болжолдонгондон 300 миңге көп болушу мүмкүн жана СПИДден каза болгондордун саны болжолдонгон көрсөткүчтөрдөн 148 миңге ашып кетиши мүмкүн.

Отчетто бир катар өлкөлөрдө пандемия болгондуктан, ВИЧ-инфекциясы бар адамдар ушул жылы керектүү дарылоону баштай алышкан жок. Бул бейтаптардын көпчүлүгү Кыргызстан, Доминикан Республикасы, Түштүк Африка Республикасы, Лесото жана Сьерра-Леонеде.

Адистер ошондой эле Европа менен Борбор Азиянын 26 өлкөсүндө жүргүзүлгөн сурамжылоодо алардын жетөөсү, анын ичинде Россия жана Украина ВИЧке каршы дары-дармектердин жетишсиздигине туш болушкандыгын белгилешти. Ал биринчи кезекте чектөөчү чаралардын жана дары-дармек менен камсыздоодогу көйгөйлөрдүн натыйжасында пайда болду.

«ВИЧке каршы комплекстүү иш-чарага инвестиция салуудан жамааттык баш тартканыбыз үчүн келечекте биз өтө жогорку бааны төлөйбүз. Саясий жактан алгылыктуу гана программаларды жүзөгө ашыруу COVID-19ка каршы күрөштө кырдаалды өзгөртпөйт жана СПИДди жок кылбайт. ВИЧ / СПИДге каршы күрөшүү глобалдык реакциясын туура багытка буруу үчүн биринчи кезекте адамдар жөнүндө ойлонуу зарыл жана эпидемия түрткү болгон теңсиздик көйгөйүн чечүү зарыл”,-  деди ЮНЭЙДСтин аткаруучу директору Винни Бянима. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости