www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чүй облусундагы иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүш жана айыл чарба объектилерине барды. 

Премьер-министрдин м.а. Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» ЖЧКнын негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүргөн жана кайра иштеткен заводдун иши менен таанышты.

Андан соң Артем Новиков Кара-Балта тоо-кен комбинатына барды, анда комбинаттын жана тоо-кен өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен сырьену ташып келип, ишканада иштетүүнү уюштуруу максатындагы жолугушууга катышты.

Мындан тышкары Артем Новиков Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды, анда жакынкы мезгилде тийиштүү эмерек менен жабдылган 40 орундук жаңы корпус ачылган.

Артем Новиков жумушчу сапарынын алкагында «Чалдовар» көзөмөл өткөрүү пунктун дагы көрүп, ал жерде «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат системасын түзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле  «Кайыңды-Кант» кант заводунда болуп, өндүрүш аянтчалары жана чийки заттарды кабыл алуу процесси менен таанышты. 

Жумушчу сапарда айтылган маселелерди чечүү үчүн тармактык министрликтерге жана мекемелерге бир катар тиешелүү тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости