www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Интергельпо көчөсүндө ачылган убактылуу оорукана жабылууда. Бул тууралуу журналисттерге шаардык кургак учук ооруканасынын башкы дарыгери, убактылуу стационардын куратору Тамара Баялиева билдирди.

Анын айтымында, оорукана бейтаптардын кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу убактылуу ачылган. “Азыр башка мекемелерде бош орундар бар. Учурда 59 бейтапты дарылап жатабыз. Алардын айрымдарын башка ооруканаларга өткөрүп беребиз, айрымдарын сакайгандыгына байланыштуу ооруканадан чыгарабыз. Бизде оор абалдагылар жок», - деди ал.

Тамара Баялиева кошумчалагандай, 28 күндүн ичинде ооруканага жалпысынан 968 бейтап кайрылган, алардын 874ү ооруканадан чыгарылып, 35и көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости