www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, анын жан сакчысы Дамир Пайзилда уулу, журналист Турсунбек Бейшенбековдун баш коргоо чарасы каралды. Бул туурлуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин талабына ылайык, иштин соттук териштирүү мөөнөтү жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасы эки айга чейин узартылды.

"Андан сырткары сот тарабынан жабырлануучу Разаков суракка алынды.
Аталган жазык ишине бөлүнгөн убакыт аяктагандыгына байланыштуу, соттук териштирүү 4-август күнүнө саат 14:30га жылдырылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Курсан Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараган. 

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.

Курсан Асановдон тышкары Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Курсан Асановдун жан сакчысы Дамир Пайзилда уулу жана журналист Турсунбек Бейшенбеков дагы айыпталуучу катары өтүүдө. Айыпталуучулар учурда үй камагында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости