www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы чабал иштеген жетекчилер сөгүш алды

Бишкекте коронавируска каршы күрөшүүдө кетирген кемчиликтери үчүн вице-мэрлерден тарта бир катар жетекчилер сөгүш алды. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов борбордогу эпидемиялык жана эпизоотиялык кырдаалдар боюнча комиссиянын отчётун уккан жыйында айтылганын муниципалитет билдирди.

Шаардын убактылуу башчысы Кудайбергенов коронавирустун жайылышына байланыштуу борбор калаадагы абалды эске алып, эпидемияны алдын алуу жана четтетүү боюнча иш-чараларды тийиштүү деңгээлде жүргүзө албаганы үчүн Шаардык эпидемия жана эпизоотиялык кырдаалдар боюнча комиссиянын башчысы, вице-мэр Виктория Мозгачевага катуу сөгүш жарыялады.

Ал ошондой эле коомдук транспорттордогу санитардык эрежелердин сакталышына көзөмөл жүргүзө албаганы үчүн вице-мэр Русланбек Акылбековго, шаардагы райондордун жетекчилерине эскертүү берди.

Мындан сырткары, коронавируска каршы күрөшүү ишине тартылган шаардык бир катар мекеме жетекчилердин дисциплинардык жоопкерчилигин кароо талап кылынды.

Жыйында Кудайбергенов COVID-19га каршы күрөшүүдө коомдук транспорт жүргүнчүлөрүнө санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо, бет кап тагынуу, антисептик каражаттарын колдонуу, айдоочуларга унааларды такай дезинфекциялоо, жүргүнчүлөрдү көп салбоо тууралуу эскертүүлөрдү үзгүлтүксүз берүү милдетин койду.

Кудайбергенов ошондой эле комиссия мүчөлөрүн жарандардын массалык чогулуусунун алдын алуу иштерин күчөтүүгө, вице-мэрлердин, райондордун башчыларынын жана башка жетекчилердин катышуусунда рейддерди өткөрүүгө чакырды.

Мындан сырткары. шаардык транспорт, кафе, ресторан, соода борбор жана базарларда санитардык талаптар боюнча эреже бузгандарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды уюштурууну тапшырды.

Шаарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Мындан улам шаар бийлиги бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу сыяктуу санитардык нормаларды так сактоону өтүнөт.

Эске салсак, кечээтен бери өлкөдө 1 965 кишиден коронавирус табылса, анын ичинен 1 490 учур Бишкек шаарында катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости