www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусун өнүктүрүү программасы жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу менен иштелип чыгат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткенге президенттик администрация жетекчисинин орун басары Жеңишбек Асанкулов, Баткен облусунун чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, ЖК депутаттары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аймакты өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында барышты.

Жумушчу топтун мүчөлөрү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, анда кыргыз-тажик чек ара чатагынын жүрүшүндө талкаланган турак жайларды жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүүгө, жерди трансформациялоо, ичүүчү таза суунун жетишсиздиги, жолдордун курулушу, жеңилдетилген кредиттердин берилишине тийиштүү көйгөйлөр тууралуу сөз болду.

"Жолугушууда облусту өнүктүрүү боюнча жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган сунуштар тизмектелип жатат. Бул абдан маанилүү, анткени жергиликтүү тургундар аймактын көйгөйлөрү тууралуу жакшы билишет. Баткен тургундарынын ар бир пикири эске алынат", — деди Асанкулов.

Эске салсак, буга чейин "Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2021-жылдын 2-апрелинде өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган. 

Ал эми 28-30-апрелде Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын ишинин алкагында аймакты өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыкмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости