www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы вакцина онкологиялык ооруга алып келеби?

COVID-19га каршы вакцина эч качан онкологиялык ооруга алып келбейт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында И.П.Павлов атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик медициналык университетинин иммунология кафедрасынын башчысы Арег Тотолян билдирди.

Анын айтымында, тескерисинче, онкологиядан коргой турган вакциналар бар.

«Мисалы БЦЖ вакциналары онкологиянын айрым түрлөрүн дарылоодо колдонулат, ал тургай кадимки дарылоого киргизилген. Коронавирустук инфекцияга каршы жаңы вакциналарды изилдөө жана иштеп чыгуу уланууда. Идеалдуу вакцинаны күтүп отурбашыбыз керек. Тилекке каршы, оорунун жана өлүмдүн өсүшү бизди отуруп күтүүбүзгө жол бербейт», – деди ал.

Ал белгилегендей, Россиянын COVID-19 вакциналары адамдын ден соолугу үчүн коопсуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости