www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын Штральзунде шаарындагы карылар үйүнүн сегиз кызматкерине жаңылыштык менен коронавирустук вакцинанын беш дозасы бир сайылды. Окуя 27-декабрда болгон.

«DW» басылмасы жазган маалыматка ылайык, ашыкча дозанын куюлушуна дары менен ийне даярдап жаткан айрым кызматкерлердин катасы себеп болгон.

Ашыкча дозадагы вакцина сайылган жети аял жана бир эркек үйүнө жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Штральзунд шаары жайгашкан Померания - Рюген округунун башчысы Стефан Керт бул бейтаптардын төртөө өз ыктыяры менен ооруканага байкоо жүргүзүү үчүн барганын айткан. Аларда сасык тумоо оорусунун белгилери болгон. 27-декабрда алардын үчөө кайрадан ооруканадан чыгып кетишкен.

Керт ошондой эле вакцинаны сыноонун биринчи этабында «BioNTech» ишканасынын адистери ыктыярчыларга вакцинанын көбөйтүлгөн дозаларын сайганын, андан кийин ыктыярчыларда эч кандай олуттуу терс таасирлер байкалбаганын белгиледи. Кийинчерээк бул маалыматты «BioNTech» ишканасынын расмий өкүлү тастыктады. Ал белгилегендей, сыноо учурунда ыктыярчыларга 30 микрограмм вакцинанын ордуна 100 микрограмм вакцина сайылган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости