www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясы 100 миллиондон ашуун адамды жакырлыктын сазына батырып, 4 миллиардга чукул кишини социалдык колдоодон ажыратканын БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди. Бул туурасындагы РИА Новости жазат. Ал Эл аралык валюта фондунун мамлекеттерди пандемиядан кийин кайра калыбына келтирүүгө арналган иш-чарасында сүйлөгөн.

"Төрт миллиарддан ашык адамдын дээрлик социалдык колдоосу жок... Саламаттык сактоо тармагын, кирешелерди колдоо жок. Вакцина баарына бирдей бөлүштүрүлбөгөндүгү дүйнөнү миллиондогон жаңы өлүмгө кептеп, триллион долларды чапчыган экономикалык төмөндөө уланып, жакыр өлкөлөр үчүн катуу сокку урулууда", — деген Гутерриш.

Баш катчы "пандемияга чекит коюп, дүйнөлүк экономиканы жалпылап калыбына келтирип жана туруктуулукка жетиш үчүн адамзатка жамааттык, батыл, чечкиндүү секирик" керектигин белгиледи. Анын айтымында, болжолдоолор аалам дүйнөлүк экономиканы чындап эле калыбына келтирүүнүн ортосунда тургандыгын — "ИДПнын бештен алты пайызга чейин өскөнүн" көрсөтүп жатат.

"Бирок сандардын артында көп нерсе бар. Өнүгүп келе жаткан көп өлкө менен аймактар бир топ эле артта калды. Экономикасы күчтүү мамлекеттер өзүнүн ИДПсынын 28 пайызын экономиканы калыбына келтирүүгө жумшап жатат. Анча өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн бул көрсөткүч 1,8 пайызды түзөт", — деген башкы катчы. Ал инвестициялардын көлөмүн көбөйтүп, акчаны кризистин кесепетин жоюуга жана калыбына келтирүү иштерине көп мезгилге чейин жумшап турууга чакырык жасады.

"Бирок көп мамлекеттер карыздарынан кутулуу менен эле алектенип, ушул маселе алардын баш оорусу болуп калды. Көбүрөөк муктаж болгон өлкөлөргө накталай берүүнү көбөйтүү боюнча чакырыгымды кайталайт элем. Пайдаланылбай келген карыз берүү укуктарын биринчи иретте адилеттүүлүк менен бөлүштүрүп, аны муктаж болгон аярлуу мамлекеттерге бериш керек. G20 демилге кылган карыздарды төлөөнү токтото туруу келээрки жылга чейин узартылып жана ал кирешеси орточо деңгээлдегилер арасында жайылышы зарыл", — деген Гутерриш.

БУУнун баш катчысы каатчылык жана туруксуздук катуу каптаган өлкөлөрдүн өкмөттөрүн социалдык жана экономикалык саясатын жолго коюуга чакырды. Бул 2030-жылдагы жалпы социалдык коргоого жетишүү үчүн бир топ инвестиция салууну талап кылаарын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости