www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cултан Жумагулов чапан кийгиси келбейт!

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жетекчилерге чапан жаап, калпак кийгизген адатты токтотуу сунушу менен чыкты. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жумагулов бул тууралуу оюн Жаңы жыл алдында маданият мекемелеринин биринин жетекчилери куттуктап келип, кийит кийгизген учурда айткан.

- Чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Бакай калпак менен кементайды карылык доорун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле деп өкмөттүн каалгаларын жыртып келе бересиздер го. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек да. Мага кийит менен эмес, системаны оңдоо тууралуу алгылыктуу идеялар менен келүүңүздөрдү суранам, - деген Жумагулов.

Ооба кереги жок, кийилбеген кийимдердин эмне кереги бар. Бирок, кыргызда бири-бирин сыйлоо эч качан калган эмес. Муну эл-жур колдоор бекен деген суроо туулат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости