www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милицияга бычак сайылды

Бишкектин жаңы конуштарынын биринин тургундары милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар арызында көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнө бир нече мас киши кирип алып, ызы-чуу салып жатканын айтышкан.

Окуя болгон жерге  аймактык тесккөөчү милициянын майору М.Н барган. Жертөлөнү текшерүү учурунда 1966-жылы туулган, мурда милициянын каттоосунда турган, психиатрдын каттоосундагы жаран кармалган.

Милиция кызматкери ал менен сүйлөшүп жатканда мас киши бычак менен аны ичке сайып салган. Кармалган жаран Октябрь РИИБине жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кызматкери ооруканага жаткырылган. Азырынча анын абалы кандай экендиги тууралуу маалымат жок деп билдирет Булак маалымат агенттиги.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости