www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус жуктуруп алган 18 жаштагы Индиянын жараны илдетти жакындарына жуктуруп албоо үчүн 11 күн даракта жашаган. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Индиянын 18 жаштагы Шивадан аттуу жаранынан 4-майда коронавирус аныкталган. Ал үй-бүлөсүнө коронавирус илдетин жуктуруп албоо үчүн дарактын үстүндө жашап турууну туура көргөн.
Индиянын 18 жаштагы Шивадан аттуу жаранынан 4-майда коронавирус аныкталган. Ал үй-бүлөсүнө коронавирус илдетин жуктуруп албоо үчүн дарактын үстүндө жашап турууну туура көргөн.
Индиянын Телингана штатындагы Налагонда шаарында COVID-19 катуу жайылып, ден-соолукту чыңдоо борборлорунда жана ооруканаларда орун калган эмес. Ошондой эле жеке коргонуучу каражаттарынын, дары-дармектердин жана вакциналардын жетишсиздиги жаралган.
Көп үй-бүлөлөр бир бөлмөлүү үйлөрдө жашагандыктан, үйдө дарыланууга да мүмкүн эмес. Жергиликтүү ыктыярчылар Шивага обочолонуп турууну кеңеш беришкен. Ошондуктан, ал жакындарын коргоо үчүн үйүнүн жанындагы дарактын үстүнө атайын орун даярдап, дарактын башында 11 күн жашаган.
Индия коронавирус менен ооругандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 25,2 миллиондон ашып, 279 миңге жакын адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg