www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттар Түркия президенти Режеп Таип Эрдогандын “жөөттөргө каршы" комментарийин катуу айыптады. Бул тууралуу 18-майда Мамлекеттик департамент жасаган билдирүүдө айтылат.

“Биз президент Эрдоганды жана түрк башка жетекчилерди зомбулуктун "чырагына май тамызган" комментарийлерден карманууга, АКШга кошулуп жаңжалды жөнгө салуу жаатында аракет көрүүгө үндөйбүз”, – деп белгиледи америкалык тышкы мекеме.

Түркиянын лидери көптөн бери палестиналыктарга колдоосун билдирип жүрөт. Ошол эле маалда Анкара Израил менен узактан бери мамиле куруп келаткан бир ууч мусулман өлкөлөрдүн катарына кирет.

Түрк президенти Израилди "палестиналыктарга каршы “террорчул аракеттерди” көрүүдө", - деп айыптаган. “Алар адам өлтүргүчтөр, 5-6 жашар балдарды өлтүрүп жатышат. Алардын канын төккөндө гана ыраазы болушат” – деген Эрдогон АКШ Израилди колдогону үчүн Жо Байденди “анын колунда да кан бар” деп күнөөлөдү.

Эрдоган мурдагы президент Дональд Трамп менен жакшы мамиледе болчу. Байден түрк лидерин “автократ” катары сүрөттөп, ага каршы катаң позиция ээлерин айткан. Буга карабай эки жетекчи эмки айда НАТОнун Брюсселдеги саммиттинде жолукмай болду.

Палестина-Израил чатагы 10-майда курчуп кеткен. Газанын саламаттык сактоо өкүлдөрү Израилдин чабуулдарынан жалпы жонунан 217 палестиналык, арасында 63 бала өлгөнүн, бир миң 400дөн көп киши жараат алганын билдиришти.

Израил тарапта Газадан атылган ракетелердан 12 киши каза тапты, катарында бир бала бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости