www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын бийлиги 17-майда орусиялык укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун 100 жылдыгына арналган көргөзмөнү өткөрүүгө уруксат берген жок.

Москвадагы Сахаров борбору «Андрей Дмитриевич Сахаров: чочулоо жана үмүт» аттуу көргөзмөнү уюштурууну пландаган. Ал 17-майда укук коргоочунун туулган күнүнө төрт күн калганда көчө көргөзмөсү түрүндө ачылмак.

Көргөзмөдө Сахаровдун, советтик жана орусиялык сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү, укук коргоочунун мемуарындагы учкул сөздөр, макалалар коюлмак.

18-майда «Дождь» телеканалы бул көргөзмөнүн ордуна «Казакстан – Евразиянын жүрөгү» деген көргөзмө ачылганын кабарлады. Сүрөт көргөзмө Казакстандын тарыхын жана туристтик дараметин баяндайт. Анда өзүнчө бир стенд «елбасы» Нурсултан Назарбаевге арналган. Көргөзмө 23-майга чейин уланат.

Бул арада Сахаровдун 100 жылдыгына арналган Эркиндик фестивалы 21-майда өтөт. Ал бардык саясий туткундарга арналат.

Андрей Сахаров 1921-жылы 21-майда Москвада төрөлгөн. Ал физик, суутек бомбасынын негиздөөчүлөрүнүн ири болгон. 1975-жылы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын алган. 1979-жылы Сахаров советтик аскерлердин Ооганстанга киришине каршы билдирүүлөрдү жасаган. Мындан соң аны үй-бүлөсү менен Горькийге (азыркы Нижний Новгород) айдап жиберишкен.

Сахаровдун сүргүнү 1986-жылы аяктаган. Окумуштуу Москвага келгенден үч жыл өткөн соң өз батиринде көз жумган.

Быйыл орус бийлиги Москадагы «Сахаров борборун» «чет өлкөлүк тыңчылардын» тизмесине кошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости