www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан баалуу металлдын бирин азыраак сата баштады

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы менен Кыргызстан 2 тонна 69 килограмм күмүш экспорттогон. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 2 тонна 932,4 килограмм чыгарылган. Бирок наркын карай келгенде экспорттун көлөмү жогорулаганын байкоого болот. Былтыркы жылдын I кварталында 1 миллион 640 миң долларга сатылса, быйыл 1,7 миллион доллардан ашкан.

Экспорттун көлөмү эмнеге төмөндөп кеткени айтылган жок.

Белгилей кетчү жагдай, алтын сырт жакка мындан да азыраак чыгарыла баштады. Мунун баары бир катар көйгөйлөр менен байланыштуу экени айтылууда. Анын ичинде ушу тапта "Кумтөр" кенинин алтыны аз жери өздөштүрүлүп жатканы да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости