www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калыссыздыктын туусун көтөргөн Шеримкулов парламентти жетектеп турган кезде эле 500 гектар жерди менчиктештире коюп, Кыргызстанда алдым-жуттумдукту баштаган. Спикер 500 гектар жерди мыйзамдаштырып жатса башкасы карап турмак беле? Андан бери Чыңгышев таамай белгилегендей «Аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабай» калышты. Азыр милиция кызматкерлеринин арасында мындай «аңкоо эместер» кездешет.

Кызыл кекиртегинен акчалар зуулдап сойлоп кеткен Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү А.Жумабаев менен начальниги Н.Мамбеталиев баканооз К.Иманалиеванын буйуртма заказын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 18 февралында кылдай күнөөсү жок Керимов Жаныбекке 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом уурдап алган деген жалган айып тагып кылмыш ишин ачкан. Соттук экспертиза бул иш боюнча Керимов Жаныбектен эч куынтык таппай койгон соң, аны ОБОНчу  баканооз К.Иманалиеванын айгагы менен, эч фактысы жок алдамчылык боюнча беренеге такап соттон айып коюп жатат.

Мындай зулум, кара өзгөйлөрдү Бишкек Ички иштер Башкармачылыгын жетекчиси Азамат Ногойбаев такалай турган мезгил жетти. Илгери Болот Ногойбаев деген Ички иштер министри болгон. Курманбек Бакиевдин убагында маркум Ногойбаев министр катары ал кездеги «жыгач генералдар» Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевдердин «биссилдасын» оозуна келтирип койчу. Бир ирет алар «Бириккен, Фронт» түзөбүз деп дээликти эле, Ногойбаев «нокаутка» уруп салган. Азамат Ногойбаев бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп жаңы эле  бекиди. Белгилей кетсек, буга чейин Ногойбаев шаардык милициянын башчысынын милдетин аткарып жаткан. Ал уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясынан кийин иштен кеткен Бакыт Матмусаевдин ордуна келген. Азамат Ногойбаев - милициянын полковниги, калыстыкты туу туткан, жамаат алдында абройлуу, чындык дегенде чыркыраган жетекчи. Анын Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү А.Жумабаев менен начальниги Н.Мамбеталиев сыяктуу баканооздордун тили менен тайраңдап тургандарга сес көрсөтүп, ишти калыстык менен карайт деген ишеним чоң. Булар эч кандай адвокаты жок, заказдын негизинде Керимов Жаныбекти 7 саат боюу психологиялык кысым көрсөтүп сурак уюштурган. Алардын мындай кыйноо жолу менен жасаган аракеттери ишке ашып Керимов Жаныбек айтпаган сөздөрдү айтты болуп жазууга аргасыз болгон. Бирок ал 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом уурдап албаган соң, экспертиза аны актап чыкканы менен тергөөчүлөр өз күчтөрүнө салып, ишти ушул күнгө чейин созуп келатат.

СИЗОдо мыйзамсыз 1 жыл 2 ай отурганы үчүн ким жооп берет эле? Албетте, анын иши ак болгондуктан мыйзамсыз мынча убакты кармап жатканы үчүн тергөөчүлөр, прокурорлор, сот процесстерин өткөрүп жаткан судьялар жооп беришип, жалган жерден  жатканы үчүн өкмөт Керимов Жаныбекке моралдык жана материалдык компенсация төлөп бермек. Ашкан акылдуу судья С. Чотонов экспертиза таза экенин билдирип, башкы берене боюнча акталып чыкса да, күбөлөрдүн жалаасынын негизинде ага алдамчылык кылган деген негизсиз өкүм чыгарып жатканына жол болдсун. Эмне бизде 1937-жыл кайра кайталанып, баканооздордун жалган жалаалары боюнча соттоп калдыкпы? Кимдир - бирөөлөр эч кандай фактысы жок, сөз менен айыптап койсо, соттор ошонун негизинде өкүм чыгарып калышканбы?

Бишкек Ички иштер Башкармалыгына жаңыдан көчүк баскан Ногойбаев бул иштерди калыстык менен карап, туура жыйынтык чыгарат деген ишенимдебиз.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости