www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cүрөт - Нарында Энелер күнү белгиленди

19-майда, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов айымдарды Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Майрамдык иш-чарага облустун социалдык-экономикалык өсүшүнө салым кошкон аял жолдоштор катышып, энелердин урматына  театрлаштырылган концерттик программа тартууланды.

Облус башчы куттуктоосунда аялзатынын аруулугун, түйшүктүү эмгегин жана коомдогу ордун баса белгилеп, энелерге болгон сый-урмат бир күн менен чектелбей, ар бир жаран милдети катары дайыма көңүл буруусу зарыл экенин билдирди.

«Эне - үйдүн куту. Эне бар үй жарык. ... «Ар бир күчтүү эркектин артында күчтүү аял болот» деген накыл кепте айтылгандай аялзаты бардык ишке жөндөмдүү, акылгөй, жаратман жана чыдамкай келет. Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов да бекеринен жерди энеге теңеп Жер Эне дебесе керек. Аялзатынын түмөн түйшүгү терең таазим этебиз. Билим берүүдө, медицинада, ишкерликте, күч түзүмдөрүндө, деги эле, өлкөбүздө кайсыл тармагы болбосун аялдардын ролу зор! Андыктан, Сиздерге чың ден-соолук, үй бүлөлүк  зор бакыт, жаркын маанай каалайм»,- деген каалоо-тилектерин жолдоду.

Андан соң А.Кайыпов тарабынан белектер тапшырылып, майрамдык иш чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости