www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-май күнү, парламентте, Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров сүйлөп жатып, Жала-Абад шаарындагы шайлоого байланыштуу ойлорун айтты. “Жалал-Абад шаарында экономикалык жана чарбалык кызматтардын жетекчилерин бардыгы шайлоо менен алек”, деди ал. Андан тышкары, парламентарий жаңылышып, туура эмес маалыматтарды айтып алды. Бакировдун түшүнгөнү боюнча, - “чырлуу Жалал-Абад курортунун четтелген мурунку директору Максат Абышкаев дагы өтө турган шайлоодо жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер, башка жетекчини дайындаса, Абышкаев мыйзамга баш ийбей, эшиктерди жабып салды. Себебин иликтеп турган болсок, ал иштеп турган мезгилде бир топ мыйзам бузууларга барган, Соц.фондго 12 млн. сомдон ашык карызы бар”, деп айтты Бакиров. Мындай олутту күнөөлөрдү парламенттин жогорку трибунасынан айткандан кийин, биз ошол Максат Абышкаев менен байланышып, жогоруда айтылгандары сурадык.

-Максат мырза, Сиз болот турган Жалал-Абад шаарынын кеңешине талапкерсизби?

-Ооба, башында мен дагы шаарга жардамым тийсин деп, жергиликтүү шайлоолорго катышып, ат салышайын дегем, бирок акыркы учурда Жалал-Абад курортунда болгон түшүнбөстүк, кысым-басымдардан улам ден-соолугум солгундап кетти, өзүм деле көптөн бери дарыланып жүргөм. Ал эми соңку окуялардан кийин ден-соолугумдун начарлашы шайлоого жолтоо болуп калды. Ошол себептен шайлоого катышпадым.

-Сизди, депутат Мирлан Бакиров мыйзамга баш ийбей, эшиктерди жаап алды деп айтты, ошол чынбы?

-Албетте жок, ал кишиде так маалымат жок окшойт. Ал күндөрү мен Бишкекте ооруканада дарыланууда болчумун. Ал эми эшикти жаап алгандар, курорттун жамааты, дайындалган сырттан келген кишини кабыл албай, ага каршы болуп чыгышты. Тескериче, мен Жалал-Абад курортуна өзүм келип, мыйзамга баш ийиш керек деп, кесиптештеримен сурандым, тынч иштегиле, курортто элдер дарыланып жатат, аларды үзгүлтүксүз караш керек, курорттун аброюн кызматтык талаш-тартыш үчүн түшүрбөйлү деп, бардыгын өткөрүп бердим. Кошумчалап кетейин, 2012-жылы, мен курортко жаңыдан келгенде чыр чыккан, анын себепкери, азыркыдай, мыйзамсыз дайындалган киши - Эркебай Мааткеримов болгон. Анда да санаторийдин жамааты аны кабыл албай, кесиптештерим менен иштеше албагандыктан кеткен болчу.

-Сизди Өнүгүүнүн депутаты күнөөлөдү, 12 млн. сом Соц.фондго төлөбөй койду деп, эмнеге төлөгөн жоксуз, ал акча кайда кетти?

-Кайра эле так маалыматтын жоктугу окшойт Бакировдо. 12 млн. сом карыз деген сөз туура эмес, ал чындыкка жатпайт, трибунадан айтаарда алдында турган Соц.фондтон маалыматтарды тактап алса жакшы болмок экен. 3 жылдын ичинде карыз болмок түгүл, облустук Соц.фондтон Жалал-Абад курорту алкыш алып жүрөт, акчаны өз маалында жана план боюнча төгөт деген. Чыр чыгаардын алдында Жалал-Абад курорту Соц.фондго жана кошумчаланган нарк салыгы болуп 2,5 млн. сом карызыбыз бар эле, бул азыркы учурда апрель-май ичиндеги ай сайын төлөй турган акча. Мени май айдын башында мыйзамсыз иштен четтеткендиктен улам, ошол ай сайын төлөй турган акчаны Соц.фондго жана Салык кызматына төгө албай калдым, болду ошол эле. Андан башка курорттун карыздары жок. Мисалы үчүн, биз жакшы иштеген күндөрү 1,5 млн. сом кошумчаланган нарк салыгын жана 700-800 миң сом Соц.фондго төлүчү элек айына. Угуп алып таң калдым, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров колуна кандай маалыматты окуп жатат мен үчүн түшүнүксүз.

Булак: Искра.кж

Последние новости