www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматуу мекендештер! Биз быйыл буйруса президентибизди тандайбыз. Бул шайлоо биздин мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү. Ушул күнгө чейин мамлекетти карызга батырып, талап-тоноп келе жаткан башкаруу системасына жок дей алабызбы же баарыбир кайра эле ошол эле адамдар келет бийликке деп эрк көрсөтө албай, алсыздыгыбызды көрсөтүүнү уланта беребизби?
Ар кимибиз өзүбүздүн, балдарыбыздын, жана ошондой эле кийинки муундун келечеги үчүн күрөшүүгө умтулсак, аң-сезимибизди өзгөртсөк, жок дегенде ушу берип жатышкан 1000 сомду алып алайын, же бул партия, бул кандидат канча берет экен дебестен, өзүбүздүн каалаганыбызды, татыктуу деп эсептегенибизди шайлап, өлкөбүздүн сазга батууну көздөй бара жаткан багытын буруп, өнүгүүнү көздөй кадам аттасак кийинки муун бизге чоң ыраазы болоор эле.
Мамлекетибиздин өнүгүүсү, жерлерибиздин, кен-байлыктарыбыздын сатылып кетпей, кыргыз эли үчүн гана иштеши биздин колубузда. Биз чогуу, биргеликте эрк көрсөтүп, жаңы, акчага сатылбаган, эски саясатчы мансапкорлор менен кошо элибизди запкы чеге турган иш аракеттерди кылбаган, таза бир кандидатты тандап, мамлекетибиздин келечекте гүлдөгөн бир өлкөлөрдүн катарына киришине өзүбүздүн салымыбызды кошуу бул биздин баардыгыбыздын милдетибиз.Эми акчага сатылсаңар, өзүңөрдүн шоруңар, бүгүн алган 5 миң сомуңар менен келечекти талкалап жатканыңарды түшүнгүлө...
Сиздерди терең урматтом менен Байыш Дүйшөналиев.
Булак: NazarNews.kg