www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көпчүлүк СДПКчылардын добушу менен Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик тактыга ат салышмай болду. Президенттикке талапкерлердин катарына кошулгусу келген Чыныбай Турсунбеков колун көтөргөн боюнча калып кетти. Ошентип көптү күттүргөн СДПКдан талапкер дагы тандалып, чыдамы кеткендер “ү-үф” деп олтуруп калышты окшойт.
Бирок, таң калычтуусу Сокебиз, премьерлик кызматын өткөрүп бериши керек экен да. Бул тууралуу ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов:
-Өкмөт башчы кызматтан кетиш керек. Анткени СДПК аны президенттикке талапкерликке көрсөттү. Өкмөт башчы болуп туруп, кызматын кыйыр түрдө пайдаланууда. Анда коомчулук шайлоонун адилеттүүлүгүнөн күмөн санап калат, калыстык болбой калат, кеп ошондо, - деп чыркырады.
Баса, билесиңерби тээ парламенттик шайлоодо, СДПК аксап бара жатканда аталган партиянын абийрин Алмазбек Атамбаев жапкан. Дегенибиз, айласы кеткенде аталган партия Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн көрнөк-жарнактарга жайгаштырып, “СДПК –ишенимдүү тирегиң” деп иле калган.
Эми кандай болоор экен, күтө туралы. Буюрса, президенттик шайлоо өтүп, Соке Өлкө башчы, Алмазке Өкмөт башчы болуп калса таң калбай эле коюңуздар. Бул божомолго жакыныраак.
Булак: NazarNews.kg