www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айымдар ар дайым сулуу болууга аракеттенип, ар түркүн кам көрүшөт эмеспи. Бүгүн биз менен шоу бизнестин жылдыздуу ырчы айымы Зарина Хасанованын сулуулук сырларын ачууну туура көрүп, кепке тарттык.

- Зарина айым, келбетиңе кандай макияждардын түрлөрүн коёсуң жана кантип кам көрөсүң?

- Биз чыгармачыл инсандар болгондуктан, клип тарттырууда, сахнага чыгаарда ар дайым келбетибизге макияждын болгон түрлөрүн коюп жүрөбүз. Келбетибиздин келишимдүү болушу туура тамактануудан көз каранды. Эгер биз туура тамактанып, витаминдерди кабыл алып, спорт менен машыксак сөзсүз түрдө терибизге жакшы таасирин тийгизет. Келбетиме өзгөчө деле кам көрбөйм. Болгону гана күнүмдүк бет тазалоочу, майлоочу каражаттарды колдонуп турам. Мындан сырткары өзүбүздү күзгүнүн сыртынан карап, өзүбүздүн келбетибизге ыраазы болуп, жакшы маанайда жүрсөк ички сулуулук менен сырткы сулуулук шайкеш келет.

- Пластикалык хирургдарга кайрылып көрдүңүз беле?

- Негизи пластикалык операция жасаткандарга түз эле көз караштамын. Анткени, авто кырсыкка кабылып же териси күйүп ар кандай жараттарды алган адамдар барып кайрылып, терилерин оңдоп, жасатып алышса болот. Көпчүлүк косметологдор менин оозумду көрүп, “Пластикалык операция жасаткансыңбы” деп сурашат. Аларга дайыма “жок” деген гана жоопту берем. Ушул жашыма келип бир да жолу пластикалык хирургдарга кайрылып, ботокс жасаткан эмесмин. Оозумдун келишимдүү болушу атамдан калган. Табигый сулуулукка эч нерсе жетпейт.

- Жасалма косметикалык каражаттарды кайсы учурда пайдаланасыз?

- Мисалы, концерттерде, сьёмка учурунда, телеге чыкканда дайыма колдоном. Анткени, камера адамдын сулуулугун жеп коёт. Ошондуктан, кошумча жасалма косметикалык каражаттарды колдонуп, сулууланганга туура келет.

- Жашоодо сулуулуктун стандарттары барбы? Сиздин пикириңизде ал кандай?

- Француздардын “Сулуу эмес айымдар жок, бир гана өзүн карбаган айымдар бар” деп айткандарына толугу менен кошулам. Анткени, ар бир айым өзгөчө бир феномен. Сулуулуктун толук стандарттары бар деп өзүм жактырган актриса Рената Литвинованы айта алам. Ал эми калың катмарга сиңип калган 90-60-90 деген стандарт да кездешээрин билем.

- Өзүңүздү “Сексуалдуумун” деп ойлойсузбу?

- Ооба, өзүмдүн дене мүчөмө абдан ыраазымын. Сексуалдуу, жакшынакай, сулуу экенимди сезем. Мен өзүмө жагам, өзүмдү жакшы көрөм.

- Косметологдордын кызматынан пайдаланып турасызбы?

- Бир жылда үч-төрт жолу косметологдорго кайрылып турам. Алардын кызматынан көп учурда пайдалангандан качам. Анткени, үй шартында эле өзүмө-өзүм кам көрөм.

- Ал жактан кандай процедураларды жасатасыз?

- Пилинг кылдырам. Беттин терисин жарым жылда бир тереңирээк тазалатып турбаса, ар кандай безеткилер чыгып, ооруга айланып кетет.

- Күнүмдүк макияжыңыз эмнеден турат?

- Күнүмдүк макияжым пудра, тушь, эрин боёгучтардан турат. Ал эми эл алдына чыгаарда тоналдык крем, пудра, карандаш, румяна, ачык түстүү эрин боёгучтарды колдоном.

- Массаж жасатканды жакшы көрөсүзбү?

- Массажды абдан жакшы көрөм. “Бир жумада бир барып, денеме массаж жасатып келсем” деп жакшы эле кыялданам. Тилекке каршы ишке ашпай калып жатат. Жакында курбума спа-салонго барып, бекер кызматтан пайдаланып келүүгө чакыруу бердим. Бирок,  “Өзүм качан барам” деп кайгырдым.

- Эс алууга чыкканда кайсы косметикалык каражатыңызды дайыма алып чыгасыз?

- Эс алуу үчүн ар кандай жерлерге барып калабыз. Мисалы, күн ысыкта тоого чыгып же көлгө түшө турган болсом, сөзсүз түрдө терини күндөн коргоочу, көздүн алдындагы бырыштарга каршы бет майларды жаныма алып жүрөм.

- Сулуулук сырларыңыз барбы?

- Өзгөчө деле эл билбеген сырларым жок. Болгону гана дайыма жатаарда макияды тазалап, бетти таза жууп, ар кандай маскаларды колдонуп туруу керек.

- Кыргыз айымдары менен башка улуттун айымдарынын ортосунда сулуулук боюнча айырмачылыктары барбы?

- Албетте бар. Мисалы, биздин кыргыздын айымдары жаратылышынан эле абдан сулуу. Чыгыштын айымдары абдан тыкан, түшүнүктүү, көтөрүмдүү, чыдамдуу болушат. Орус улутундагы айымдар абдан сексуалдуу, келбеттүү келишет. Ал эми батыштын айымдары бир аз салмактуу, толугураак. Мага баарынан чыгыштын сулуулугу жагат.

- Кандай мырзалады жактырасыз?

- Мага жакшы мамиле кылган чыныгы мырзалар жагат. Сүйлөгөн сөзүнө ишенимдүү, билимдүү, жылдыздуу, адамды өзүнө сөзү менен тарта алган, боорукер мырзалар менин жүрөгүмдү багынта алышат.

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости